• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө 13 жаштагы Бакыт Иманалиев бир айдан бери дайынсыз болууда

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Чүй районунда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Бакыт Иманалиев изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Иманалиев мектеп-интернатынан 28-ноябрда чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 145-150 см, толук, чачы кара.

Кийими: көк куртка, кара спорттук шым, ак-боз түстөгү спорттук бут кийим.

“Бакыт Иманалиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (312) 60-73-87, (501) 74-66-00 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий