• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө 36 жаштагы жаран карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну атып салды

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Чүй облусунда 36 жаштагы жаран бир тууганына сексуалдык ыдык көрсөткөн айдоочуну атып салды.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-июлда саат 08:30дар чамасында милицияга Бишкек – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Тергөө-ыкчам тобу айтылган дарекке келип, 1975-жылы туулган И.Р.нын сөөгүн табышкан. Ал тез жардам кызматы келгенге чейин октон алган жаратынан улам каза болгон.

Андан ары 1989-жылы туулган жаран Ж.А. 2022-жылы 1-июлда болжол менен саат 07:45терде Токмоктун аялдамасынан 1975-жылы туулган И.Р.нын башкаруусундагы унаага отурган.

Айдоочу жолдон унааны токтотуп, кызга сексуалдык ыдык көрсөтө баштаган. Жыйынтыгында Ж.А. унаадан түшүп, агасына чалып, окуя тууралуу айтканга үлгүргөн. Андан кийин ал ошол учурда жүргүнчүнү түшүрүү үчүн токтогон башка унаага түшүп кеткен.

И.Р. ал унааны кубалап жетип, жолду тосуп эч себепсиз кызды чачынан кармап сабап, унаадан түшүрүүгө аракет кылган. Ошол учурда кыздын агасы келип, окуяны көрүп, И.Р.ны травматилкалык тапанча менен атып жиберген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен каттоого алынды.

Ошентип, бул кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Д.З. кармалган.

Азыркы учурда шектүү Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий