• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө 40 жаштагы эркек киши көлмөгө чөгүп кетти – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунун Степное айылындагы "Мелиорация" көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т. И. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, билдирүү кечээ, 17-октябрда болжол менен саат 11:17лер чамасында түшүп, жерине 9 куткаруучу барган.

Куткаруучулар кечке чейин чөккөн адамды издеп, бирок табышкан эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен издөө иштери бүгүн улана тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий