• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө 64 жаштагы адамды өлтүрө сүзгөн айдоочу из жашырып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Чүй облусунда айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 07:50 чамаларында Москва райондук милиция бөлүмүнө Беловодск айылында адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бишкек-Чалдовар автожолунун 36-чакырымындагы көчөлөрдүн кесилишинде эркек кишинин сөөгү табылган.

"Маркумдун денесинде көптөгөн жараттар болгон”, - деп билдиришти милиция кызматынан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Маркумдун өздүгү такталып, ал Москва районунун 64 жаштагы А.Н. аттуу жашоочусу болуп чыккан.

Кырсыкка шектүү катары Чүй облусунун Токмок шаарынын 32 жаштагы Н.У., аттуу жашоочусу кармалган.

Милиция кызматынын алдын ала берген маалыматы боюнча, айдоочу “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы менен маркумду коюп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Москва райондук соту кармалган айдоочуга баш коргоо чара катары эч жака кетпөө чечимин чыгарган.

Учурда баардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий