• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип мурда соттолгон келин кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип мурда соттолуп, жазасын өтөп жаткан келин кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 9-февралда Жайыл райондук милициясына Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, зомбулук менен өлтүрүлгөн эркек адамдын сөөгүн табышкан. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында каза болгон 48 жаштагы И.А. аттуу адам экендиги аныкталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде Москва районунда кылмышка шектүү 26 жаштагы Б.А. аттуу келин кармалган. Ал буга чейин каза болгон 48 жаштагы И.А. менен чогуу жашагандыгы аныкталган.

Мындан сырткары, шектүү 2015-жылдагы денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча учурда түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатканы белгилүү болду.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, уруш-талаштын айынан 26 жаштагы Б.А. чогуу жашаган адамды бир нече жолу бычак менен сайып, окуя болгон жерден изин жашырган. Адамдын сөөгү окуянын эртеси эле туугандары тарабынан табылган.

Учурда шектүү Жайыл районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар даярдалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий