• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүйдө аялы күйөөсүн өлтүрүп, денесин чоң Чүй каналына таштап салган

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Чүй облусунун Кант шаарынын аймагында аялы күйөөсүн өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында денени чоң Чүй каналына таштаган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Ата райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарында чоң Чүй каналынан 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирген.

Жерине келген милиция кызматкерлери маркумдун өздөгүн такташкан. Ал Дмитриевка айылынын 52 жаштагы Б.А. аттуу тургуну болуп чыккан.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, учурда баардык тиешелүү экспертизалар жүрүүдө.

Бул кылмышка шектүү катары маркумдун жубайы 44 жаштагы С.С. кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, кылмыш жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам жасалган. Кылмыштын изин жашыруу үчүн ал күйөөсүнүн жансыз денесине кыштарды байлап, Чүй каналындагы сууга таштаган.

Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий