• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө аялын өлтүрө сабады делип жолдошу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй айылында аялын өлтүрө сабады делип жолдошу кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июлда саат 23:30дар чамаларында милициянын нөөмөт бөлүмүнө Чүй айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Териштирүү учурунда каза болгон жарандын өзүгү аныкталган. Ал 63 жаштагы Т.С. аттуу аял экендиги такталып, сөөккө кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабын жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы Т.А. аттуу баласы ата-энесинин үйүнө келип, сөөктү байкап, милицияга кайрылганы маалым болгон.

Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип каза болгон аялдын 64 жаштагы Т.А. аттуу жолдошу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий