• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Чүйдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрь күнү Аламүдүн райондук ИИБине Чүй облусунун 37 жаштагы жашоочусу Б.Э. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 11-апрелинде О.Б. аттуу жаран Москва районундагы сарайлардында биринде мал багып сатып, ишкерлик кылган адам катары өзүн тааныштырып, арыздануучунун 38 баш бодо малын 3 900 000 сомдон ашык каражатка баалап, акчасын кийин берүүгө убада кылып,малын алып кеткен боюнча ушул күнгө чейин из жашырып жүргөнүн билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагый дагы эки факты аныкталып, жабырлануучулар арыз менен кайрылышкан. Анда эки жаран жалпы 5 480 000 сомдон ашуун акчага малын баалап О.Б. аттуу жаранга берип, ошол боюнча дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 44 жаштагы О.Б. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин Аламүдүн райондук соту тарабынан 1 айга тергөө абагына камакка алынган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий