• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө алимент төлөбөй жүргөн жаранга 20 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Чүй облусунда алимент төлөбөй жүргөн жаранга 20 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Т.А., аттуу жаранга Чүй райондук соту тарабынан алимент төлөөгө милдеттендирилген. Бирок кыздын атасы соттун чечимин аткарбай келген. Алименттердин жалпы суммасы 75 миң 670 сомду түзгөн.

Айыпталуучу өз күнөөсүн моюнуна алган. Анын айтуусу боюнча, 2009-жылы ал К.А., аттуу жаран менен жарандык никеде жашап, 2011-жылы Нуркыз аттуу кыз жарыкка келген.

Чүй райондук сотунун чечими менен анын бардык түрдөгү кирешелеринен 1/5 бөлүгү кесилген. 2018-жылга чейин анын карызы 89 миң 810 сомду түзгөн. Анын ичинен 48 миң 168 сомду төлөп берген. Андан кийин Т.А., 2018-жылдын августуна чейин карызды бөлүп төлөп келген. Жарандын туруктуу жумушу жок болгондуктан карызы өсүп кеткен.

Соттун чечими менен айыпталуучу мамлекетке 20 миң сом жана жабырлануучуга 75 миң 670 сом төлөп берет.

Пикир

Оставить комментарий