• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө "Арсенал" рейдинин жүрүшүндө 45 миң сомго айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. 7-июндан 27-июнга чейин Чүй облусунун аймагында "Арсенал" профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара облус аймагындагы курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

Иш-чарага облустук милициянын 430дан ашуун кызматкери тартылган.

Рейддик иш-чаранын алкагында төмөнкүлөр текшерилди:
-3552 - мергенчи ;
-278 - сайлуу куралдардын ээлери;
- 1923 - сайсыз куралдын ээлери;
- 447 - газ желим куралдын ээлери;
- 60 - сыйлыкка берилген куралдын ээлери;
- 1 - аңчылык дүкөн;
- 11 - жеке сакчылык агенттиктери;
- 11 - уруксат берүү тутумунда каттоодо турган объекттер.

Рейддин жүрүшүндө милиция тарабынан административдик укук бузуулар боюнча 48 протокол, анын ичинен 33ү профилактикалык негизде түзүлүп, жалпы суммасы 45 миң сомдон ашык айыппул салынган.

Рейддин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча 10 факт катталып, анын ичинен тогуз сайсыз ок атуучу курал жана бир газ-травматикалык тапанча алынган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы курал-жаракты, анын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү, ошондой эле ок атуучу куралдарды, алардын тетиктерин даярдоо же оңдоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертүү менен, ок атуучу куралды ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий