• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө автоинспекторлор катышкан жол кырсыгынан эне-бала каза болду, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.18. /Кабар/. Чүй облусунда жол кырсыгынан бир жаштагы кыз энеси менен каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-июлунда болжол менен түнкү саат 04:30дар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 85-чакырымында жол кырсыгы катталган.

1988-жылкы А.А., аттуу айдоочу "Toyota Avensis" үлгүсүндөгү унаа менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, “БМВ-525” унаасы менен кагылышкан.

Экинчи унааны Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери башкарып келе жаткан, унаанын ичинде кесиптеши да болгон.

Милициядан кабарлашкандай, инспекторлор Боом капчыгайында кезекти өткөрүп берип, үйлөрүнө келе жатышкан. Алдын ала маалыматка караганда, Тойотанын айдоочусу тойдон келе жатып, уктап кетип “БМВ-525” унаасын келип сүзгөн.

“Кырсыктын кесепетинен “Тойота” унаасынын ичиндеги бир жаштагы кыз жана анын 1997-жылкы И.А., аттуу апасы каза болгон. Айдоочу жана “Тойотанын” эки жүргүнчүсү жаракат алышкан. БМВ унаасынын айдоочусу оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, экинчи жургүнчү да жаракат алган”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий