• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө бүтүрүүчүлөр артыкчылык аттестатына тест тапшырып жатышат

Билим 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Чүй облусундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу үчүн тест тапшырып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча жалпы 99 талапкер катталган. Анын 97си сынакка катышууда.

Тестирлөө бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Билимди баалоонун объективдүүлүгүнө доо кетирчү тобокелдиктер жокко чыгарылган.

Талапкерлер тестти планшет аркылуу атайын программанын жардамында тапшырып, жыйынтыкты дароо алышат.

Пикир

Оставить комментарий