• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүйдө баңгизаттарды түзөтүүчү мекемелерге сатуу менен алектенген каналга бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өсүмдүк табиятындагы баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жакты кармоо боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМ БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналына бөгөт коюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунан 1996-жылы туулган К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасы токтогулган.

Кызматкерлер Кинологиялык борбордун “Хьюга” аттуу ыкчам кызматтык итин пайдалануу менен автоунаага кароо жүргүзүүнүн натыйжасында алдыңкы отургучунун алдынан үч даана таңгакталган жапайы өскөн кара куурай кендир жыты бар, кара-жашыл түстөгү зат табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 кг 445 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты алынган. Алынган маалыматтын негизинде баңгизаттар чет мамлекеттик үлгүсүндөгү унаанын 1996-жылы туулган К.А. айдоочусу жана 2000-жылы туулган Б.А. аттуу жүргүнчүсүнө таандык деп аныкталган. Алар Чүй облусунда жайгашкан түзөтүүчү мекемелерге баңгизаттарды сатууга аракет жасашкан.

Учурда баңгизаттарды ташууга тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий