• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдө балдардын сууга чөгүүлөрүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Чүй районундагы сууга түшүүчү жайлардан, көлмөлөрдөн жана сууга түшүүгө тыюу салынган жайларынан кырсыктарды болтурбоо максатында үч күндүк түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда жарандарга, жашы жете электерге сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо, тыюу салынган жерлерде сууга түшпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери бир катар кеңештерди беришти.

Жарандар тарабынан берилген суроолорго дагы жооп беришип, кырсыкты алдын алуунун жолдорун үйрөтүштү.

Үч күндүк түшүндүрүү иш-чарасына Чүй районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү тартип сакчылары тартылып, алар тарабынан 2 жайкы сууга түшүүчү жайы, 2 көлмө, 2 суу сактагыч, 16 сууга түшүүгө тыюу салынган жай текшерилип, ал жерден сууга түшүп жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Балдардын жана жарандардын сууга түшүү учурунда коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй районунун тургундарына түшүндүрүү, эскертүү жана алдын алуу багытындагы жалпысынан 28 иш-чара өткөрүлгөн.

Андан тышкары, сууга түшүүгө тыюу салынган жайларга кошумча эскертмелерди коюу боюнча атайын 10 маалыматтар жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий