• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө бир апта ичинде айдоочулар тарабынан 3 миң 63 жол эрежеси бузулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Чүй облусунда 26-апрелден 2-майга чейинки аралыкта айдоочулар тарабынан 3 миң 63 жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 11 айдоочу мас абалында, 1 миң 160ы катуу ылдамдыкта, 17си айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Калган 44 унаа айып аянтчасына киргизилген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий