• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө бир апта ичинде айдоочулар тарабынан 4 миң 730 жол эрежеси бузулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Чүй облусунда 1-7-февраль аралыгында айдоочулар тарабынан 4 миң 730 жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 47 айдоочу мас абалында, 1 миң 482си катуу ылдамдыкта, 40ы айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Калган 148 унаа айып аянтчасына киргизилген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий