• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүйдө бир аптада айдоочулар тарабынан 3 миңден ашык жол эрежеси бузулган

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Өткөн жумада, 3-майдан 9-майга чейин Чүй облусунун аймагында 3 миң 27 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинде:

  • Мас абалында унаа айдоо – 22;
  • Катуу ылдамдыкта айдоо – 1 миң 237;
  • Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу – 17;

Мындан тышкары, 62 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий