• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө бир нече аккумулятор уурдоого шектелип эки жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Чүйдө бир нече аккумулятор уурдоого шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБне арыз менен Лебединовка айылынын 50 жаштагы Т.М. аттуу тургуну кайрылып, ал 2021-жылдын 10-ноябрынан 11-ноябрына караган түнү белгисиз адамдар жүк ташуучу унаасынын 2аккумляторун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Аламүдүн районунун ИИБнин КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде каттоого алынган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция жана Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектүү делип, 23 жаштагы Т.Б. жана 22 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалган, экөө тең Чүй облусунун тургундары болуп чыкты.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери адегенде кылмыштуу делген адамдар айдап жүргөн «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын, андан соң алардын өздүгүн аныктап, кармашкан. Ошондой эле тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө унаанын ичинен аккумуляторлорду уурдоо иштерин жүргүзүп жаткан шаймандары табылган.

Ошондой эле, андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын Аламүдүн районунун аймагында жасалган ушул сыяктуу 7 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, кылмыштар буга чейин Аламүдүн РИИБнин КЖБР каттоосуна алынгандыгы белгилүү болду.

Учурда шектүүлөрдүн Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий