• 84.78
  • 96.26
  • 1.11

Чүйдө бир жума ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 2,6 миңден ашуун факты катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 16-22-август аралыгында жол эрежесин бузуу боюнча 2 миң 648 факты катталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

Мас абалында унаа башкаруу – 51 факты;
Катуу ылдамдыкта унаа башкаруу – 1 миң 40;
Тиешелүү документтери жок унаа башкаруу – 29.

“Токтотулган унаалардын ичинен 81и айып аянтчасына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий