• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүйдө бир жуманын ичинде 26 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.18./Кабар/. Чүйдө бир жуманын ичинде 26 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти

Маалыматка караганда, 16-августтан 23-августка чейин түнкүсүн ”Рулда”, “Мас айдоочу” аталышындагы рейддик иш-чара өткөн.

Анын жүрүшүндө ЖКККБнын инспекторлору күн сайын одоно жол кыймылынын эрежелерин бузууларды, транспорт каражатын документсиз айдаган жана мас абалындагы айдоочуларды аныкташкан.

Жалпысынан 349 протокол түзүлгөн. Мас абалындагы 26 айдоочу катталып, айып унаа токтотуучу жайга 100 унаа коюлган.

Пикир

Оставить комментарий