• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө cууга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине 115 куткаруучу тартылды

Коом 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы каналга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине 115 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Ат-Башы каналында болгон.

Издөө иштерин улантуу максатында жалпы 142 куткаруучу, водолаздар тартылган.

Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00 издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.

17-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында 115 куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий