• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө дааратканага түшүп кеткен ага-ини каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.09.19. /Кабар/. Чүйдө дааратканага түшүп кеткен ага-ини каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-сентябрда болжол менен саат 17:44 чамасында Сокулук райондук ички иштер органына Военно-Антоновка айылында эки өспүрүм каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, даараткана үчүн казылган аңга түшүп кеткен 7 жана 13 жаштагы балдардын каза болгондугун аныкташкан. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий