• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиевди издөөдө.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Айдаралиев 27-ноябрда саат 19:00дө Бишкектин Циолковский көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 180-185 см, чачы кара жана кыска, көзү кара, оң кашында кесилген жери бар.

Кийими: боз түстөгү кышкы кийим, көк түстөгү джинсы шым, бут кийими кара түстө.

"Кимде-ким Алтынбек Айдаралиевдин кайда экендиги тууралуу маалыматка ээ болсо 0(312) 60-73-63, 0(501) 90-00-65, 0(551) 10-27-53, 0(705) 77-70-50 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий