• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө дайынсыз жоголгон 44 жаштагы эркек киши изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБси дайынсыз жоголгон 1976-жылы туулган Салагубов Сергей Викторовичти издеп жатат. Ал 2020-жылдын 3-январында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Учурда анын кайда экендиги белгисиз, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Белгилери: бою 175 см, толук дене түзүлүштөгү, көзү көк. Боз түстөгү баш кийим, үстүнө жашыл күрмө, кара шым жана кара түстөгү гөлөч кийип жүргөн.

Сергей Салагубовдун кайда экенин билгендер болсо, Ысык-Ата райондук ИИБне төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07, 0(708) 45-78-46, 0(707) 25-79-02, 0(701) 88-62-95.

Пикир

Оставить комментарий