• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө дайынсыз жоголгон Рахманжан Ашимов изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Рахманжан Ашимов изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Рахманжан Ашимов коңшу өлкөдөн келе жатып, Бишкекке жетпей Аламүдүн районунда маршруттук таксиден түшкөн бойдон дайынсыз жоголгон.

Белгилери: бою 170-75 см, арык чырай, чачы кыска жана ак баскан, көзү күрөң.

Кийими: кара түстөгү баш кийим, куртка, шахмат формасындагы көйнөк, жинсы шым, кара түстөгү бут кийим.

“Рахманжан Ашимовдун жургөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0(312) 36-35-27, 0(550) 34-33-63, 0(504) 77-22-77, 0(709) 21-18-08 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий