• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Чүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Рухий Мурас - 2 жаңы конушунун 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу тургуну 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Дайынсыз жоголгон өспүрүм Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00лөр чамасында Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий