• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө эки дарыкана, сулуулук салону жана тез тамактануучу жай өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Күн мурун, 23-июлда Москва районуна караштуу Беловодский айылынын Фрунзе көчөсүндөгү өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда бир имаратта жайгашкан темир жана шифер жабылган эки дарыкана, сулуулук салону жана тез тамактануучу жайдын 465 чарчы метр чатыры менен кошо тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 19:18де тилсиз жоо чектөөгө алынып, кечки саат 21:12де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок. Өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий