• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө эки күн мурда сууга чөккөн жаранды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. 15-август күнү саат 10:40 чамасында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына түшүп кеткен 1994-жылы туулган Ш. уулу К. аттуу жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары, КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок табылган эмес. Жалпы 27 куткаруучу тартылган. Бүгүн издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий