• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө эл аралык террордук уюмдун тогуз мүчөсү кармалды - УКМК

Кырсык 0

Бишкек, 02.11.18 /Кабар/. Улуттук коопсуздук ммалекеттик кызматынын кызматкерлери 25-октябрда эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөлөрүн кармады. Чүй облусунун аймагында ишмердигин жүргүзгөн террордук уюмдун мүчөлөрүнүн бешөө чет элдиктер, төртөө КРнын жарандары болушкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алар 2017-жылдан бери өлкө жарандарын Сирия жана Афганистандагы согушкерлердин катарына тартуу менен алектенишкен. Андан тышкары, өлкө ичинде курал-жарак жана жарылуучу заттарды колдонуу менен террордук аракет жасоого ниеттенип жүрүшкөн.

Кылмыштуу топтун курамында өз өлкөсүндө террордук ишмердикке катыштыгы бар деген айып менен изделип жүргөн Борбордук Азия, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары бар болгон.

Учурда УКМКнын тергөө органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүп, чет элдик атайын кызматтар менен кызматташуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий