• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө эркек кишини уурдап, 700 миң сомдук карызды төлөйм деген милдеттемеге кол коюуга мажбурлашкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Чүй облусунда эркек кишини уурдап, 700 миң сомдук карызды төлөйм деген милдеттемеге кол коюуга мажбурлашкан. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, изи сууй электе аталган кылмышка шектүү делген эки жаран кармалган.

Аламүдүн райондук милиция кызматына 32 жаштагы Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын берген арызына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрь күнү бейтааныш эки адам саат 13:30дар чамаларында дагы эки адамдын жардамы менен Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде күч колдонуу менен “Хонда-CRV” үлгүсүндөгү унаага салып Аламүдүн районунун талааларынын бирине алып барышкан.

Талаадан аны сабашып, бир документтерге кол коюуну талап кылышкан. Бишкек шаарында жайгашкан ЖЧКнын бирине алып келип, 700 миң сом карыз тууралуу милдеттемеге кол койдурушкан. Ошондой кийин гана аны кое беришкен.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе аталган кылмышка шектүү деп эки жаран кармалган. Алар 27 жаштагы Т.Т. жана 24-жаштагы Л.С. аттуу жарандар.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Баш коргоо чарасы каралып, алар Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камалды.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий