• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдөгү Ак-Бешим айылында муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Ак-Бешим айылында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Ак-Бешим айылынын «Жунус-Ата» мечитинин жааматы тарабынан демилгеленип, ага жалпы мечит жааматы каражат топтошту.

Натыйжада айылдагы муктаж 20 үй-бүлөгө жалпы суммасы 35 миң сомдон ашуун каражатка күнүмдүк азык-түлүк алынып, таратылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий