• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдөгү мечиттерде курмандык чалынып, 2000ден ашуун үй-бүлөгө эт таратылды

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Курман айт күнү Чүй облусундагы мечиттерде жергиликтүү тургундар кайрымдуулук фонддордун колдоосу менен курмандык чалуу иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Чүй облусундагы мечиттерде орто эсеп менен алганда 60га чукул бодо мал, 600гө жакын кой, эчки союлуп, 2000ден ашуун үй-бүлөгө, майыптар үйлөрүнө, жетимдер үйлөрүнө таратылды. Бул күндөрү союлган малдын эттери менен эле чектелбестен майрамдык маанай тартууланып, жаш балдарга белектер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылган.

"Мындай соопту ишке салым кошкон жарандарыбыздан жана ошондой эле кайрымдуулук фонддордон Кудай Таалам ыраазы болуп, эч нерседен кем кылбасын. Соопту иш-чаранын үзүрүн бул дүйнөдө да, акыретте да көрүшсүн", — деди Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов.

Иш-чарага "Адеп-Башаты" прогрессивдүү фонду, "Ас-Салам", "Ас-Софа", "Ас-Санабил" кайрымдуулук фонддору, "Токмок-Биримдик" коомдук бирикмеси жана айыл өкмөттөр колдоо көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий