• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүйдөгү түзөтүү мекемелеринин бирине ири өлчөмдөгү баңгизатты ташуу каналына бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында жайгашкан түзөтүү мекемелерине өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында түзөтүү жаза өтөп жаткан “воровской общак” лидерлери, 34 жаштагы Т.У.А. “положенец” деп аталган Уюшкан кылмыштуулук топтун активдүү мүчөсү жана соттолгон 28 жаштагы Д.У.Т. баңги каражаттарынын ташуу каналынын уюштуруучусу болуп саналган аныкталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Ал эми, 27 жаштагы О.К. жаран баңгизат каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде кармалып, анын ичинде 1 кг. 246 грамм салмактагы “гашиш” эки полиэтилен баштыкчасы алынды.

Алынган баңгизат Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бирине киргизүүнү көздөшкөн. Ошондой эле баңги каражаттарын өткөрүп берүү аракетинде экинчи шектүү 24 баштагы Т.Д. кармалган. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Т.Д. аттуу жарандан скотч менен оролгон үч таңгак “гашиш” баңгизаты алынды.

Алынган “гашиш” баңги каражатынын салмагы 1 кг 125 граммды түзгөн.

Түзөтүү мекемелеринде киргизүүгө алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 3 кг жакын “гашиш” баңгизаты болуп аныкталды.

Азыркы учурда Уюшкан кылмыштуу топтун баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого тиешеси бар башка активдүү мүчөлөрүнө карата иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий