• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чүйдө интернет кабелин уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Чыгым 200 миң сомду түзгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Чүйдө интернет кабелин уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Панфилов райондук милициясына интернет кабелин уурдоо боюнча маалымат түшүп, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы 200 миң сомду түзөт.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү делип 22 жана 21 жаштагы эки жигит кармалган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр Панфилов районунун аймагында дагы 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий