• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө көлмөгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Чүй облусундагы көлмөгө чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июлда болжол менен саат 14:20лар чамасында көлмөгө чөгүп кеткен 1986-жылы туулган Ж. А. аттуу жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 22-июлунда саат 14:39 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунунун Кызыл-Туу айылындагы Исмаил көчөсүндөгү көлмөгө 32 жаштагы жаран чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Издөө иштерине жалпысынан 14 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий