• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө кафе кызматкерлери топтошуп өспүрүм кызды зордуктаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Чүйдө “Алтын Казына” кафесинин кызматкерлери топтошуп өспүрүм кызды зордуктаган. Бул тууралуу кыздын жакындары социалдык тармактарга жазып чыкты.

“Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 7-август күнү Аламүдүн райондук милициясына 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Ал 6-августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар тарабынан анын 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызы зордукталгандыгын билдирген.

У.Ж.аттуу жарандын арызы Аламүдүн райондук милициясына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Материалга ылайык, иштин жагдайы боюнча бардык адамдардын өздүгү такталып, бардыгы суракка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Бул факт Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган. Өз кезегинде, алар окуянын бардык жагдайлары иликтенип, күнөөлүүлөргө мыйзам чегинде толук чаралар көрүлөрүн билдиришти.

"Кылмыш фактысы такталууда, азырынча эч кимге айып тагылган жок", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий