• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө каналга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Чүй районунда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду.

Бүгүн, 26-июлда издөө иштери улантылат.

Эскерте кетсек, 21-июлда Чүй районунда Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган А.Ч. аттуу бала түшүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий