• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө "Карышкыр" каймана аттуу УКТ мүчөсү киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Карышкыр" каймана аттуу Мурсалым Умырзаков киши өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-апрелде Аламүдүн райондук милициясына Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн европа түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Маркум мурда бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы К.Д. экендиги аныкталган.

Аталган факт Адам өлтүрүү беренеси боюнча катталган.

Кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалган.

“Экөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылган. Андан соң алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылышкан", - деп билдиришти милициядан.

Ошентип, 24-апрелде шектүүлөр жабырлануучуну көрүстөнгө алып барып, сабап өлтүрүшкөн.

“Ошондой эле кылмышка шектүү аял менен жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чоогу жашай баштаганы аныкталган”, - деп кошумчалашты милициядан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынды:

- А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу;
- К.М.2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу;
- А.А., Киа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу;
-У.М., 1975-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар.

Учурда бул кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдарынын негизинде башка тиешелүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий