• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө катуу шамал катталып, мектептин чатырын учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш айылында кечээ, 11-мартта ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен катуу шамал катталган. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шамал болжол менен саат 07:30 чамасында катталган.

Натыйжада Биримкул орто мектебинин спорт залынын 40 чарчы метр чатырын коңторуп салган. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

“Кечээ, жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп, акт толтурулган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий