• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө коронавирусту эң көп Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусунда коронавирусту эң көп Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары жуктурган. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында жалпы 1 миң 289 адам илдетке кабылган. Коронавирустун кесепетинен 12 жаран каза болгон.

“Илдетти Сокулук районунда 467, Аламүдүн районунда 358, Жайыл районунда 175, Ысык-Ата районунда 127, Панфилов районунда 69, Москва районунда 68, Чүй районунда 12, Кемин районунда 7, Токмок шаарында 6 адам жуктурган. Бишкекке жакын жайгашкан аймактарда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны жогору болууда”, - дейт ал.

Мамбетисаева кошумчалагандай, Чүй облусунун тургундарында илдеттин көп санда катталып жаткандыгы жарандардын Бишкекке жумушка барганы менен түшүндүрүлөт.

“Вирус жуккан 1 миң 289 учурдун 807си сырттан келгендерден аныкталды. Учурда обсервацияда 217 жаран болууда, анын 49у медкызматкери”, - деди Мамбетисаева.

Пикир

Оставить комментарий