• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө кызды зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Чүй облусунда эки адам аялды зордукташкан. Алардын бирөө милиция кызматкери. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну 28 жаштагы Б.Т. аттуу айым милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 2019-жылдын 27-январь күнү саат таңкы 04:00дөр чамаларында Новопокравка айылындагы Чоң чүй каналынын жанында күч колдонуу менен зордуктап кеткен бейтааныш адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Ысык-Ата районунун Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 36 жаштагы И.К. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Ал Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер бөлүмүнүн улук кызматкери экендиги аныкталган.

Учурда шектүү деп кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий