• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектелип эки адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Чүйдүн Ысык-Ата районунда мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Чүй облусунун аймагындагы айрым мүрзөлөрдүн темир тосмолорун белгисиз бирөөлөр талкалап жатышкандыгы тууралуу маалымат таркатылган. Учурунда Чүй милициясынын басма сөз кызматы тарабынан эч кандай вандализм фактысы жок экендиги тууралуу маалымат берилген. Анда тосмолордун темирлерин уурдоо фактысы болгондугу боюнча материалдар катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Ал эми 28-февралда “Арсенал” рейди жүрүп, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын негизинде мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого аракет кылып жаткан учурда 43 жаштагы Б.А. жана 35 жаштагы Б.С. аттуу жарандар кармалышкан.

Бул боюнча Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын чоң атасынын мүрзөсүнүн тосмосун уурдоого аракет кылышканын билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренелери (“Уурдоого аракет кылуу”) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кармалган жарандардын Ысык-Ата районунун аймагында мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого байланыштуу дагы төрт кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий