• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө мас адам кызганычтан улам сүйүктүүсүн сабап, үйүн өрттөп салган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Чүй облусунда мас адам сүйүктүүсүн кызганып аны түнү бою сабаган. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтында кабарланат.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 28-декабрында соттолгон К.В. аттуу жаран мас абалында жабырлануучу П.Н. аттуу аялдын үйүнө келген.

Андан соң түгөйлөрдүн ортосунда кызганычтан улам уруш чыгып, мас эркек аялдын башына, көзүнө, кабырга тушуна урган.

П.Н. эртеси күнү досун үйүнөн кууп чыгып, эшигин кулпулап, өзү терезеден секирип чыгып, кошунасыныкына барган. Ошол учурда анын сүйүктүүсү башка терезени сындырып үйдүн ичине кирип, өрттөгөн.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө кармалган адам баарын моюнга алып көрсөтмө берген. Сот аны 7 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок көп өтпөй түгөйлөр элдешип, аял кайра арыз жазып, соттук коллегиянын токтомун жокко чыгарууну суранган.

Өз кезегинде сот Ысык-Ата райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий