• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүйдө медресенин жатаканасынан өрт чыгып, 200 окуучу эвакуацияланды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районундагы Телман айылында жайгашкан "Ак-Тилек" медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыккан.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт кечээ, 8-сентябрда болжол менен саат 18:51де катталган.

Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чатрчы метр чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

"Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылып, өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрь күнү саат 02:17де толук өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий