• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүйдө мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабактар өтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек. 05.02.19 /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунда жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан мектеп окуучуларына жана ата-энелерге жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак өтүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты жарык чагылдыруучу элементин сырткы кийимдерге колдонуусу жана окуучулардын жолдо өзүнүн коопсуз алып жүрүүсүнө багытталган.

Кызматкерлер окуучуларга жана ата-энелерге жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо кетирген каталары тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле окуучуларга жана ата-энелерге жол кыймылынын эрежелери боюнча видеороликтер көрсөтүлдү.

Мындай иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий