• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдө милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Чүй облусунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 30 жаштагы М.А. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, Д.Н. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган, анткени ал ушул жылдын март айында алдоо жолу менен ишенимге кирип, андан жалпы баасы 500 миң сомдук 10 бодо малын алып, дайынсыз жоголгон.

Аталган факты Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө КР Кылмыш-жаза кодексинин 204 ("Алдамчылык") беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кийинчерээк Сокулук райондук соту тарабынан Д.Н.жаранга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртынан тандалып алынып, ага издөө жарыяланган.

Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматкерлери жана Сокулук районунун милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 32 жаштагы Д.Н. Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, тергөөгө өткөрүлгөн.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу 4 фактыга тиешеси бар экенин текшерип, тергөө иштери жүрүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий