• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдө милиция тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда бир нече кылмыштын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Чүй облусунун аймагында ыкчам издөө жана кылмыштуулуктарды алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн рейд учурунда Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 5 жаран кармалып, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Андан сырткары 17 кылмыштын бети ачылган. Алардын ичинен, каракчылык боюнча - 1, уурулук боюнча - 9, алдамчылык- 1, ээнбаштык - 1, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо - 2 жана башка кылмыштардын бети ачылган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, мындай алдын алуу иш-чаралары байма-бай өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий