• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чүйдө мурдагы шарап чыгуучу заводдо өрт чыгып, эки адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Чүй облусунун Виноградный айылында шарап чыгаруучу заводдун аймагында, азыркы учурда менчик механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде 150 чарчы метр таштанды жана мазут күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 36 жаштагы К.З. аттуу жаран жеңил жаракат жана 18 жаштагы К.У. аттуу адам 3-даражадагы күйүк алган.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий