• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүйдүн Аламүдүн районунда жаңы суу мунарасы курулду

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жаңы суу мунарасы курулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мунара 2 млн 70 миң сомго курулуп, анын көлөмү 100 метр кубга барабар. Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4 көчө менен 271 батирлүү 11 көп кабаттуу үйдү тейлөөгө жетет.

Суу мунарасынын баасы 1 млн 520 миң сомду түзсө, с уу 230 метр тереңдиктен чыгарылып, жер иштерине 550 миң сом жумшалды. 11 айда ишке ашкан бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий