• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүйдүн Алексеевка айылында турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылында турак үйдөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:42де чектөөгө алынып, 09:44тө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үйдүн 70 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий